Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы
2026-жылдын 27-январы № 1
Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөттөрүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2025- жылдын маалыматы 2026-жылга бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине 2-пунктунун 2-бөлүмчөсүнө жана Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиянын талкуусун угуп, 23.01.2026-жылдагы №2 протоколунун негизинде Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылга киреше бөлүгү 61041,2 миң сомго анын ичинде өздүк киреше (2646,3 миң сом атайын каражат) менен биргеликте 26204,0 миң сомго ал эми теңдештирүүчү трансферт 30599,8 миң сом, максаттуу трансферт 4237,4 миң сом, мурунку жылдан өткөн калдык 1815,8 миң сом (анын ичинен атайын каражат 12,7 миң сом) жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдүэске алуу менен 53916,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга киреше бөлүгү 58308,9 миң сомго анын ичинде өздүк киреше (3612,1 мин сом ) менен биргеликте 18139,8 миң сомго ал эми теңдештирүүчү трансферт 31482,1 миң сом, максаттуу трансферт 4945,2 миң сом, мурунку жылдан өткөн калдык 3741,8 миң сом (анын ичинен атайын каражат 90,0 миң сом) жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен 61627,7 миң сомго аткарылгандыгы боюнча маалымат жактырылсын.
3. Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү 56459,6 миң сомго бекитилсин, анын ичинде теңдештирүүчү трансферт 30841,6 миң сом, өздүк кирешелер 25618,0 миң сом, (анын ичинде атайын каражат - 2800,0 миң сом. Бир балага бир айлык тамак-аш үчүн ата-энелерден төгүлүүчү мүчөлүк акы 1,0 миң сомго) белгиленсин.
4. Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2027-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 59677,6 миң сом, анын ичинде Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферт 30841,6 миң сом, өздүк кирешелер 28836,0 миң сом (анын ичинде атайын каражат 2800,0 миң сомго) бекитилсин.
5.Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2028-жылга карата болжолдуу планы 63195,6 миң сом анын ичинде теңдештирүүчү трансферт 30841,6 миң сом, өздүк кирешелер (2800,0 миң сом атайын каржат ичинде) 32354,0 миң сомго бекитилсин.
6.Жергиликтүү бюджетинен субсидия беренесине (ст 2511) 3500,0 миң сом акча каражаты каралып “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасын каржылоо үчүн жумшалсын. Ишканага 8 (сегиз) штаттык бирдик бекитилсин, эмгек акыларынын 50 (элүү) пайызы жергиликтүү бюджеттен 50 (элүү) пайызы өзүн өзү каржылоонун эсебинен жүргүзүлсүн. Бекитилип берилген акча каражатын сарамжалдуу жана мыйзам чегинде иштетүү муниципалдык ишкананын жетекчилигине жүктөлсүн.
6. Жергиликтүү жана республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттарын чыгымдоону жыл ичинде өз максатында, сарамжалдуу пайдалануу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү баардык кызматкерлеринен, баардык билим берүү жана маданият тармагынын мекемелеринин жетекчилеринен талап кылынсын, ошондой эле аны көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы С.Карыбековго тапшырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевке милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |