Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы
2026-жылдын 27-январы № 2
Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 197,9 миң сом жана атайын каражаттын 219,2 миң сом калган калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетине бекитип берүү жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинин 197,9 миң сом жана атайын каражаттын 219,2 миң сом калган калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетине иштетүү боюнча айылдык кенештин бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп, жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевдин билдирүүсүн талкуулап, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата 2025-жылдан калдык болуп өткөн 417,1 миң сом, ( анын ичинен атайын каражаттар эсебинде 219,2 миң сом) калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгү бөлүмдөрдүн беренелерине кошумча киргизилсин.
бөлүм | бөлүмдүн аталышы | берененин аталышы | берене | сумма |
70821 | Китепкана | Соц фондго чегерүүлөр | 2121 | 13,9 |
70821 | Китепкана | Машинелер жана жабдуулар | 3112 | 184,0 |
70911 | Балдар бакчасы | Тамак-аш алуу (атайын каражат) | 2218 | 219,2 |
| бардыгы |
|
| 417,1 |
2.Айылдык кеңештин сессиясында талкууланган 2026-жылдын 1-январына карата 2025-жылдын калдык 417,1 миң сом, (анын ичинен атайын каражаттар эсебинде 219,2 миң сом) калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына киргизип берүү жагы Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевке, социалдык-эконмикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы С.Карыбековго тапшырылсын.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |