Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы
2026-жылдын 27-январы № 3
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын 2026-жылга түзүлгөн жайыт бюджетин бекитүү жөнүндө.
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында 2026-жылга кабыл алынуучу жайыт бюджети боюнча айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Атагелдиевдин маалыматын угуп, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында 2026-жылга карата жайыт бюджети 713,7миң сом болуп бекитилсин.
2. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында жайыт пайдалануу үчүн шарттуу малдын башына жайыт акынын төлөнүшү төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ |
Малдын түрү
|
Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүндөгү малдын санына алынуучу төлөм (сом) | Башка айыл өкмөттөрдөн алынып келинген мал санына алынуучу төлөм (сом) | Башка райондордон алынып келинген мал санына алынуучу төлөм (сом) |
1 | Жылкы, уй, топоз | 65 | 150 | 300 |
2 | Кой, эчки | 15 | 50 | 100 |
3 | Кулун, торпок | 65 | 80 | 100 |
3. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында 2025-жылга кабыл алынган жайыт бюджетин жүзөгө ашыруу максатында, айыл аймагында жайыт акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу, жайыт эрежелерин сактоо, жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жөнүндө каралган долбоорлорду ишке ашыруу, жайыт мыйзамдарынынын талаптарын аткарбаган жарандарга жана сырттан алынып келинип биздин айыл аймакты байырлаган мал ээлерине чара көрүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышыын камсыз кылуу жана көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |