Редакцияот 23.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги 3- сессиясы

 

2025-жылдын 23-январы №12

 

            Исхак-Полотхан айыл өкмөтү тарабынан сунушталган долбоорлорго өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө.

 

            Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-январында кезектеги үчүнчү сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап чыгып,

Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Исхак-Полотхан айыл өкмөтү тарабынан 2025-жылда инвестиция тартуу үчүн өздүк салымдар төмөнкү тизмеге негиз  бекитилсин:

1. Жеңиш айылындагы маданият үйүнүн имаратын ремонттоо долбооруна 500 000 ( беш жүз миң) сом каралсын.

2. Айыл аймагындагы 4180 метр ички арыктарды бетон арык кылуу долбооруна 400 000(төрт жүз миң) сом каралсын.

3. Көк-Тал айылында 1 даана скважина чыгаруу долбооруна 400 000(төрт жүз миң) сом каралсын.

2.    Токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарууга алуу жагы, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мамасалиевге милдеттендирилсин.

3.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

Г. Матажиев