Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-октябрь №13/1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ № 270 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ №270 Жарлыгын ишке ашыруу, Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу маселелерди талкуулап, Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планына ылайык,Кезектеги IV Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жумушчу топтун курамын түзүү, айыл аймактарда бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү, белгиленген тартипте иш алып баруу максатында Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кезектеги IV Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү, делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтун курамы төмөнкүлөрдөн түзүлсүн (№1 тиркеме).
2. Кезектеги IV Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү жыйындардын графиги, өтүлүүчү жайлар, жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси бекитилсин (№2 тиркеме).
3. Кезектеги IV Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтун курамына ар тараптан көмөк көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдетендирилсин.
4. Кезектеги IV Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралардын көрүлүшү тууралуу жана алардын келип чыккан укуктук маселелерди жөнгө салууга байланышкан маалыматтарды, тиешелүү документтерди убагында берип туруу айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д. Түгөлбаевке жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдө калтырамын.
Төрага | Б.Ж.Артыков |