Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-сентябрь №12
Согонду айылындагы жаңыдан курулган мечитке Маткасым Кары уулу Сали Ажынын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Согонду айылынын тургуну Салиев Абдимиталиптин Согонду айылындагы жаңыдан курулган мечитке атасы Маткасым Кары уулу Сали Ажынын ысымын ыйгаруу жөнүндө арызын карап жана талкуулап, 2025-жылдын 25-августунда болгон элдик жыйындын протоколунун+ негизинде Жибек-Жолу айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. Согонду айылынын тургуну Салиев Абдимиталиптин Согонду айылындагы жаңыдан курулган мечитке атасы Маткасым Кары уулу Сали Ажынын ысымын ыйгаруу жөнүндө арызы канааттандырылсын.
2. Согонду айылындагы жаңыдан курулган мечитке Маткасым Кары уулу Сали Ажынын ысымы ыйгарылсын.
3. Токтомдун негизинде Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн токтомун чыгарып берүү жагы Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча Жибек-Жолу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Ж.Артыков |