Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 03-июлу №11
“Мамалекеттик лизинг компаниясы” ААКтан айыл өкмөт башчыга автотранспорт алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы №633 тескемесине жана “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсынын 2025-жылдын 30-июлундагы №1-08-2/210 катына ылайык, Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Камилов Токтосун Рашидинович “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсы менен автотранспорт алуу боюнча лизинг келишимдерин түзсүн жана лизингдик милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылсын.
2. Лизингке алынуучу автотранспорт үчүн төлөмдөрдү аткаруу максатында Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен тишелүү жылдарга акча каражаты каралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комисиясынына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Ж.Артыков |