Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 03-июлу №10
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-2027-2028-жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө.
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-2027-2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу планын бекитүү боюнча “КР бюджеттик кодексинин” 115-беренесине таянып Жибек-Жолу айылдык кеңешинин бюджет боюнча тупуктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, №10 протоколунун негизинде Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн 2026-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору 50546,7 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 50546,7 миң сомго бекитилсин.
2. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн 2027-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 52698,0 миң сомго, 2028-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 52848,0 миң сомго бекитилсин.
3. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 2026-2027-2028-жылдарга 3600,0 миң сомго бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча комисиясынына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Ж.Артыков |