Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 05-июну №9/2
Мурдаш айылынын жаратылышын коргоо максатында эс алуучулар үчүн кирүү тарифин бекитип берүү жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын 30-майындагы элдик жыйынынын протоколун жана “Жибек-Жолу Алай” коомдук бирикмесинин кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын 30-майындагы элдик жыйынынын протоколу жана “Жибек-Жолу Алай” коомдук бирикмесинин кайрылуусу эске алынсын.
2. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылына эс алуучулардын кирип чыгуу боюнча макулдашылган төлөм тарифтери төмөндөгүдөй болуп белгиленсин;
- Сырттан келген авто унааларга- бир авто унаага- 100 сомдон.
- Сырттан келген жарандарга-бир адамга- 50 сомдон.
- Айыл өкмөтүнүн аймагынан келген авто унааларга- бир авто унаага- 50 сомдон.
- Айыл өкмөтүнүн аймагынан келген жарандарга –бир адамга-25 сомдон.
3. Эс алуучулардан түшкөн акча каражат “Жибек-Жолу Алай” коомдук бирикмесинин фондусунун эсебине төгүлсүн жана түшкөн акча каражаттын эсебинен жаныбарлар, канаттуулар, балыктар, жартылыш корголуп, коомдук коопсуздук сакталып, санитардык эрежелер сакталсын.
4. “Жибек-Жолу Алай” коомдук бирикмеси жөнүндө жобого ылайык иш алып баруу бирикменин жетекчилигине тапшырылсын жана ар бир жарым жылдыкта Жибек-Жолу айылдык кеңешине түшкөн киреше боюнча отчёт берип турсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко жүктөлсүн.
Төрага | Б.Ж.Артыков |