Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-февралы №76
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановдун отчету
Кадамжай шаардык мэриясы тарабынан 2025-жылда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча кабыл алынган планды аткаруунун үстүндө иш жүргүзүлүп, жумуштар аткарылган.
2025-жылдын 12 айында салыктар боюнча бекитилген план 91225,9 миң сом, ал эми берилген план 128962,6 миң сом болсо, аткарылганы 132644,9 миң сомду түзүп же болбосо 3682,3 миң сомго көп аткарылып, 102,9 % түздү. Бекитилген план тапшырмага жана берилген план тапшырмага салыштырмалуу 37736,7 миң сомго көп план берилүүдө.
Салык агенти төлөөчү киреше боюнча бекитилген план 80748,0 миң сом, ал эми берилген план тапшырма 107101,1 миң сом, аткарылганы 111117,8 миң сомду түзүп же болбосо 4016,7 миң сомго көп аткарылып, 103,8 % түздү. Бекитилген план тапшырмага жана берилген план тапшырмага салыштырмалууу 26353,1 миң сомго көп план берилүүдө.
Бирдиктүү салык декларациясы боюнча аткарылганы 169,3 миң сомду түзүп же болбосо 169,3 миң сомго көп аткарылып, 100 % түздү.
Патенттин негизинде салык бекитилген план 3930,0 миң сом, ал эми берилген план тапшырма 3930,0 миң сом, аткарылганы 1832,5,9 миң сомду түзүп же болбосо 2097,5 миң сомго аз аткарылган же 46,6 % түздү. Магазиндер, базарлар ККМ аппараттарын алып ушул системага өтүшкөн, патент толугу менен түшпөй калууда.
Кадамжай мэриясынын бюджетинин 2025-жылдын 12 айына чыгаша бөлүгү боюнча бекитилген план тапшырма 91225,9 миң сом. Такталган план 138787,3 миң сомго такталып, кассалык чыгым 135505,8 миң сом, иш жүзүндө керектөө (фактический расход) 64156,0 миң сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
- шаардын социалдык инфраструктурасын өсүп өнүгүүсү үчүн инвестицияларды тартууну активдештирүү жагы;
- шаардын тазалыгын сактап, тургундарды, чарбалык субъектерди суу, электр энергиясы жана жылуулук менен айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы;
- балдар ойноочу аянттарды оңдоо жана кароодон өткөрүү жагы;
- шаарда жүргүзүлгөн куруу иштерин сапатына өзгөчө көңүл буруу жагы;
- шаардагы коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Дастиров |