Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 05-июну №9/1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүү жөнүндө келишимин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн респупликалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансаферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” Келишимин бекитип берүү максатындаЖибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы №304 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ишеним катынын негизинде аракеттенген директор У.М. Камбаров менен Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р. Камиловтун ортосунда эки тараптуу келишим түзүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Р. Камиловко жүктөлсүн.
Төрага | Б.Ж.Артыков |