Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-майы №8
Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин жайкы каникулга таратуу жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жооптуу катчы A. Арзиеванын жана Бала бакчалардын башчыларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өткөрүлгөн ата-энелердин чогулушунун протоколунун негизинде Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарды жайкы каникулга таратуу боюнча мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өткөрүлгөн ата-энередин чогулушунун протоколу эске алынсын;
2. 2025-жылдын 1-июнунан тартып 31-августуна чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдарды жайкы каникулга таратууга уруксат берилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Ж.Артыков |