Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-февралы №78
Кадамжай шаарынын аймагындагы трансформаторлорго куту алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын шаардын аймагындагы трансформаторлор үчүн куту (тосмо) алуу боюнча сунушун угуп, талкуулап, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Шаардын аймагындагы 3 трансформатор үчүн куту алууга 210 000 (эки жүз он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Дастиров |