Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-апрели №7/2
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында ичүүчү таза суунун макулдашылган төлөм тарифин бекитип берүү жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында ичүүчү таза суунун макулдашылган төлөм тарифин бекитип берүү жөнүндө жарандардын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн жарандарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы ичүүчү таза суунун макулдашылган төлөм тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин;
- Эсептегич коюлган абоненттерге 1 кубуна 50 сомдон.
- Эсептегичи жок жарандар үчүн үй башына бир айына 150 сомдон -200 сомго чейин
3. Топтолгон акча каражаты “Жибек-Жолу Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын эсебине төгүлсүн жана түшкөн кирешенин эсебинен оңдоп түзөө иштери жүргүзүлсүн жана таза суу кампалары корголуп, коомдук коопсуздук сакталып, санитардык эрежелер сакталсын.
4. Ичүүчү таза суу түтүгүнө туташтыруу 5000 сомдон бекитилсин. Бул сумма «Биримдик-Сервис» ТКИна взнос катары эсептелинип жана абонентке: Абоненттик китепче (эрежелери менен), келишим, техникалык шарт, ситуациялык чийме берилсин.
5. Ар бир жарым жылдыкта Жибек-Жолу айылдык кеңешине түшкөн киреше боюнча отчёт берип турсун.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко жүктөлсүн.
Төрага | Б.Ж.Артыков |