ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 2-апрели № 7
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I - сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планын угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы жактырылсын жана алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Пусурманкулов Бакытбеке милдеттендирилсин.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы кезектеги I сессиясынын 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 7 токтомуна тиркеме
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024- жылга карата түзүлгөн иш-планы
| Каралуучу маселе | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2024- жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү | I-квартал | Айылдык кеңештин төрагасы, орун басары. |
2 | Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларын түзүү жана мүчөлөрүн бекитүү | I I-квартал | Төрага, орун басар.
|
3 | Айыл өкмөттүн 2024-жылга иш планын бекитүү | I I -квартал | Айыл өкмөтү |
4 | КБФ-нун жерлерине аренда акыларды бекитүү | I I -квартал | Туруктуу комиссия
|
5 | Элдин малын баккан малчыларга баккан акысын жана мал салыгын белгилөө | I I -квартал | Айыл өкмөттүн Жайыт комитети |
6 | Айыл өкмөттүн жер адисинин 2023-жылдагы ишинин жыйынтыктары | I I -квартал | Туруктуу комиссия |
7 | Элден түшкөн арыздарды кароо | II-квартал | Туруктуу комиссия |
8 | Айыл өкмөттүн өз ара, эшик алды аренда акысы, жайыт салыгы, айдоого, чөп ормого, ашыкча кашаага салыгын бекитүү | II-квартал | Туруктуу комиссия. Жайыт комитети. |
9 | Салыктардын аткарылышы. КБФ-нун жерлери боюнча салыктардын жыйналышы | III- квартал | Айыл өкмөт, туруктуу комиссия |
10 | Айыл аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушу. | III - квартал | Айыл өкмөт, туруктуу комиссия |
11 | Мектептердеги 2023-2024- окуу жылындагы окуу тарбия иштери жөнүндө | III- квартал | Туруктуу комиссия |
12 | ҮБДТ, ФАП, байланыш бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө | III- квартал | Туруктуу комиссия |
13 | Кышка карата даярдык | III- квартал | Айыл башчылар, башкы эсепчи |
14 | Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө | IV- квартал | Айыл өкмөт башчысы, орун басар |
15 | Айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын өз айылдарында аткарган иштеринин жыйынтыктары | IV- квартал, | Айыл өкмөт |
16 | Милициянын участкалык инспектор менен жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын иштери жөнүндө | IV- квартал | Туруктуу комиссия |
17 | Кезексиз сессиялар
| I- IV- кварталдар | Айыл өкмөт башчысы Айылдык кеңештин төрагасы |