ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 2-апрели № 11
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнун ижарага берилүүчү жерлеринин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I- сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтү мекемесинин КБФнун жерлерине ижара акы төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ижарага берилүүчү КБФнун жерлери юридикалык төлөмдөрүнөн жана соцфондунан сырткары 1 га жер (айдоо, чөп ормо) Чоң-Кыяга чейин 1500 (бир миң беш жүз) сом, Чоң-Кыядан жогорку участкаларга 1 га жерге (айдоо, чөп ормо) 1000 (миң) сомдон ижара акысы чегерилсин.
2.Эгер 3 гектардан көп болсо, Чоң-Кыяга чейин 1 гектарына 5000 (беш миң) сом, Чоң-Кыядан жогору 1 гектарына 2000 (эки) миң сомдон бекитилсин.
3.Чаңгет КБФнун жерлерине 1 гектарына 1000 (миң) сомдон ижара акысы чегерилсин.
4. Эгер 3 гектардан көп болсо, 1 гектарына 2000 (эки) миң сомдон бекитилсин.
5.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Дарбагаев Мухамметке милдеттендирилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак- жай куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |