Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясы

 

 

2024-жылдын 2-апрели № 14

 

Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсүн жана жайлоодон кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө

 

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I - сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсүн жана жайлоодон көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.

1.Айыл аймагындагы мал баккандар 2024-жылдын 1-апрелинен 10-апрелге чейин жогорку жайытка көчүп кетишсин.

Чаңгет 1-апрелинен 10-апрелге чейин жогорку жайытка көчүп кетишсин.

2.Мал баккандар 2024-жылдын 1- сентябрь айынан кийин жайлоодон көчүп келүү жагы мал баккандарга милдеттендирилсин.

Чаңгет 1-сентябрга чейин.

3.Малчылар дан эгиндеринен, чөп орокторунан 5 чакырым алыстыкта отурушсун.

4.Токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы К.Чолпонбаевге милдеттендирилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак- жай куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн. 

 

Төрага

 

Кыргызбаев А. К