ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 2-апрели № 15
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал-жандыктарды киргизбөө жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I - сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал-жандыктарды киргизбөө жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал жандыктар киргизилбесин. Кара-мал, жылкыга 2000 (эки миң) сом, кой-эчкиге 500 (беш жүз) сомдон айып пул салынсын.
Чаңгет чоң жайлоого: Ак-Таш, Кулданбес, Талды-Суу жайлоосуна чыгарылсын.
2.Киргизилген мал жандыктар ээсине кайтарылсын.
3.Ушул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
4.Сырттан малды киргизбөө боюнча иш аракеттерге айыл аймагынын участкалык милициясы тартылсын.
5.Айыл аймагына сырттан мал киргизилген учурда жайыт комитетинин төрагасы жоопко тартылары эскертилсин.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |