ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 2-апрели № 17
Корс-Этти айылынын тургуну Апилов Жеңишбектин арызын канааттандыруу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги I - сессиясы күн тартибиндеги Корс-Этти айылынын тургуну Апилов Жеңишбектин арызын канааттандыруу жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Корс-Этти айылынын тургуну Апилов Жеңишбектин ашыкча кашаасына 0,20 га бак-дарак эгип көрктөндүрүү үчүн жер көрсөтүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине сунушталсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак- жай куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |