Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
3-кеңешмеси
2025-жылдын 3-февралы № 28
Чоң-Алыш айылдык Кеңеши Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн 2025 - жылга бюджетин бекитүү жана 2026-2027- жылдарга божомолу жөнүндө Кеңештин - IХ чакырылышынын үчүнчү кезектүү кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 36 360,0 миң сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүгү боюнча 36 360,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Чоң-Алыш айыл аймагынын 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
4. Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык чыгаша булактардан турары белгиленип бекитилсин.
5. Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү № 3 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык бюджетке каралбаган чыгымдарды жабуу үчүн жалпы бюджеттик ыгашалардын эсебинен резервдик фонд 360,0 миң сом өлчөмүндө “Чоң-Алыш” айыл өкмөтүнүн резервдик фонду түзүлсүн.
7. Резервдик фондду башкаруу “Чоң-Алыш” айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүргүзүлсүн.
8. “Чоң-Алыш” айыл аймагынын 2025-жылдагы чыгаша бөлүгү тармактар боюнча жалпы бөлүгү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. “Чоң-Алыш” айыл аймагынын башчысына, кызматкерлерине жана айылдык кеңештин төрагасына зарыл болгон учурда командировка чыгымдары каралып турсун.
10. 2025-жылга атайын каражат счеттун киреше жана чыгаша бөлүгү 4752,0 миң сомго бекитилген. Ата-энелер төлөмү 2025-жылга 360 балага ай сайын 1200,0 миң сом.Атайын каражат счеттун киреше жана чыгаша болугу №5 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.