Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы N 1 токтомуна)
Атайын техниканы колдонуу менен тиричилик калдыктарынан Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоонун жана көлдүн түбүн суу алдында тазалоонун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Атайын техниканы колдонуу менен тиричилик калдыктарынан Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоонун жана көлдүн түбүн суу алдында тазалоонун тартиби (мындан ары - Тартип) санитардык жана экологиялык талаптарга ылайык Ысык-Көлдү рекреациялоо объекттерин күтүү боюнча шарттарды аныктайт.
2. Эс алуу зоналарынын, пансионаттардын, дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин менчик ээлери жана/же ижарачылары, менчигинин түрүнө карабастан Ысык-Көлдү рекреациялоо объекттерин пайдалануучу чарбалык жана башка иштин субъекттери атайын техниканы колдонуу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун суучулдарын (мындан ары - ӨКМ караштуу Суучулдар кызматы) же тиешелүү сертификаты бар жана суу алдындагы техникалык иштерди (мындан ары - САТИ) аткарууга уруксаты бар кесипкөй суучулдарды тартуу менен пляж зоналарын терең тазалоого жана Ысык-Көлдүн түбүн тиричилик калдыктарынан суу алдында тазалоого милдеттүү.
2-глава. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр
3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
комбинацияланган машиналар - кумду ар кандай тереңдикте тазалоого мүмкүндүк берген кумду скрининг жана тырмоо үчүн көп функциялуу механикалаштырылган техника;
кумду электен өткөрүү үчүн тырмоо (кол менен) - кумдун үстүнкү катмарын (тереңдиги 3-5 см чейин) камтыган кол менен иштөө үчүн механикалаштырылган каражат;
менчик ээлери жана/же ижарачылар - менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле Ысык-Көлдү рекреациялоо объекттерин эксплуатациялоочу мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана уюмдар өздөрүнүн карамагында гана турган Ысык-Көлдүн пляждык зоналарын тазалоону жана түбүн тазалоону милдеттүү тартипте жүзөгө ашырат;
Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоо - ири таштандыларды, ошондой эле пляж зоналарындагы майда булгоочу заттарды (тереңдиги 20-30 см чейин) жок кылуу боюнча иш-чаралардын комплекси. Тазалоо деңгээли микропластикти, органикалык заттарды (тамак-аш калдыктарын, баштыктарды, айнек сыныктарын, тамекинин калдыктарын, күн караманын кабыгын жана башка өсүмдүк калдыктарын) кошкондо 95%дан кем болбошу керек. Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоо механикалаштырылган жана кол менен жасалуучу ыкмаларга бөлүнөт;
Ысык-Көлдүн пляж зоналарын тазалоонун механикалаштырылган ыкмасы - Ысык-Көлдүн пляж зоналарын ири жана майда булгоочу заттарды кетирүү максатында кумду электен өткөрүүнү камсыз кылуучу адистештирилген техниканы колдонуу менен тиричилик калдыктарынан тазалоонун ыкмасы;
Ысык-Көлдүн пляж зоналарын кол менен тазалоонун ыкмасы - Ысык-Көлдүн пляж зоналарын жөнөкөй аспаптарды (кол элек, тырмоо, күрөк, шыпыргы, калак, кап, чака колдонуп, кол менен тазалоонун ыкмасы;
Ысык-Көлдүн пляж зоналарын терең тазалоо үчүн адистештирилген техника - кумдун үстүндө да, ошондой эле кумдун терең катмарларында да (тереңдиги 20-30 см чейин) болгон таштандыларды жана булгоочу заттарды жок кылууга арналган жогорку технологиялуу пляж тазалоочу жабдуу, ал ар кандай механизмдерди, анын ичинде айлануучу экрандарды, тишчелерди жана конвейердик ленталарды колдонуп, кумду элөөнү жана калдыктарды чогултууну камсыз кылат;
Ысык-Көлдүн пляж зонасы - эс алууга, сууга түшүүгө жана күнгө күйүүгө арналган, туурасы суунун жээгинен 100 метрге чейинки жалпы пайдалануудагы жээктеги аймак;
Ысык-Көлдү рекреациялоо объекттери - жалпы эс алууга, туризмге жана жарандардын ден соолугун чыңдоого арналган жаратылыш аймактары жана маданий курулмалар (парктар, курорттор, пляждар, санаторийлер, эстеликтер);
Ысык-Көлдүн түбүн суу алдында тазалоо - ӨКМге караштуу Суучулдар кызматынын суучулдарын же тиешелүү сертификаты жана суу алдындагы техникалык иштерди аткарууга уруксаты бар кесипкөй суучулдарды тартуу менен түбүнөн чөкмөлөрдү (ылай чөкмөлөрдү), таштандыларды, өсүмдүктөрдүн жана башка биомассаларды, ошондой эле балык уулоочу торлорду чыгаруу боюнча чаралардын комплекси;
пляжды терең элөө системасы бар пляж тазалоочу машиналар - пляж зонасын терең (тереңдиги 20-30 смге чейин) тазалоону камсыз кылуу менен кумду элөөчү адистештирилген техника, ал таза кумдан таштандыны (тамекинин калдыгын, айнекти, ташты, кабыкты, балырды, пластикти, майда таштандыны) бөлүп алат;
тырмоочу машиналар - тырмоочу тишчелер менен жабдылган механикалаштырылган каражаттар, алар кумга кирип, ири буюмдарды алып чыгат.