Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз VI- сессиясы

 

 

2024-жылдын 29-майы № 31

 

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Өстүрүү участкасынан 126,07 га жер аянтынан көмүр казууга макулдук берүү жөнүндө

 

Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз VI сессиясынын күн тартибиндеги “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Өстүрүү участкасынан 126,07 га жер аянтынан көмүр казууга макулдук берүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.

1. ”Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Өстүрүү участкасынан 126,07 га жер аянтынан көмүр казууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ийри-Суу айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Кыргызбаев А. К