Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 27-майы № 20
“Кызыл-Шарк айылындагы маданият үйү 5-04-14-1001-1614 иденитификациялык номери менен катталып айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 6093, 0 кв.м жер аянтынан бала бакча куруу үчүн 4000,0 кв.м. жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын кезексиз VIII сессиясынын протоколу, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин, Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 26-майындагы “Кызыл-Шарк айылындагы маданият үйү 5-04-14-1001-1614 иденитификациялык номери менен катталып айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 6093, 0 кв.м жер аянтынан бала бакча куруу үчүн 4000,0 кв.м. жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” №01-19-1038 каты менен берилген сунушу колдоого алынсын.
2. Савай айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде Кызыл-Шарк айылындагы маданият үйү 5-04-14-1001-1614, иденитификациялык номери менен катталып айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 6093, 0 кв.м жер аянтынан бала бакча куруу үчүн 4000,0 кв.м. жер аянтын ажыратып берүү маселеси чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |