Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү IХ сессиясы
2025-жылдын 29-июлу № 22
Савай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жана 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына аткарыла турган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 1-августундагы кезексиз IХ сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат :
1 Савай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жана 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына аткарыла турган иштери жөнүндө канааттандырарлык деп кабыл алынсын.
2. Савай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбековго:
- Савай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча айтылган сын-сунуштарды, кемчиликтери жоюу боюнча чараларды көрүү, Савай айылдык аймагынын 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына аткарыла турган иштерди, бекитилген милдеттенмелерди аткаруу жагы тапшырылсын.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |