Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз Х сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 23
Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-августундагы Савай айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы”ААК аркылуу лизинг жолу менен “Шевроле Теккер” автоунаасын алуу жөнүндө №01-13/1660 каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 1-августундагы кезексиз Х сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат :
1. Савай айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Савай 2025-жылдын 1-августундагы кезексиз Х сессиясынын протоколу менен Савай айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК аркылуу лизинг жолу менен “Шевроле Теккер” автоунаасын алууга макулдук берилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбековго “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК аркылуу лизинг жолу менен “Шевроле Теккер” автоунаасын алуу үчүн:
- белгиленген тартипте “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүү жана лизингдик милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесинин 3-пунктунун негизинде жана белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн жергиликтүү бюджетте тиешелүү жылдарга акча каражаттарын кароо боюнча сунуштарды киргизүү жагы милдеттендирилсин;
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |