Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз ХI сессиясы
2025-жылдын 21-августу № 24
Савай айыл аймагынын “Кен-Сай айылында жаңы курулуп жаткан бала бакча жөнүндө” Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-августундагы № Д-1053 кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 21-августундагы кезексиз ХI сессиясынын №11 протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат :
1. Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын Савай айылдык аймагынын Кен-Сай айылында жаңы курулуп жаткан 120 орундуу бала бакчаны “Алтын бакча” атын ыйгаруу жөнүндө сунушу кабыл алысын.
2. Савай айыл өкмөтүнө, бала бакчанын башчысынын милдетин аткаруучу Г.Досматовага Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде Кен-Сай айылында жаңы курулуп жаткан бала бакчаны мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары областтык юстиция башкармалыгынан каттоо, бала бакчанын ишке киргизүү боюнча чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
3. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн Савай айылдык аймагынын Кен-Сай айылында жаңы курулуп жаткан 120 орундуу бала бакчага “Алтын бакча” деген атты ыйгаруу жөнүндө айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын чечимин колдоп берүү жагы суралсын.
4. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |