Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз ХI сессиясы
2025-жылдын 21-августу № 25
Савай айыл аймагынын 2025-жылдын 21-августуна карата айыл өкмөтүнүн бюджетине келип түшкөн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 21-августундагы кезексиз ХI сессиясынын №11 протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат:
1.Савай айыл аймагынын 2025-жылдын 21-августуна карата айыл өкмөтүнүн бюжетине келип түшкөн 1000,0 миң с. акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы жүргүзүлгөн реформага ылайык айыл аймагындагы 7 мектеп жана 4 бала бакчаларынын Уставдарына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу көрнөк жарнактарын алмаштыруу үчүн 7 мектепке -210,0 миң. с., 4 бала бакчага 40,0 миң.с., жалпысы 250,0 миң.с.;
-Кен-Сай мектебинин от казандын оңдоо иштерине 120,0 миң.с.;
- Ж.Турусбеков а.о.м. көмүркананын оңдоо иштерине 100,0 миң.с.;
-Кен-Сай айылындагы жаңы курулуп жаткан бала бакчанын жасалгалоо иштерине 400,0 м.с.;
- Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча иш-чараларына -130,0 миң с.;
2. Савай айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана даректүү иштетүү жагы милдеттендирилсин.
3.Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |