Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз ХI сессиясы
2025-жылдын 21-августу № 26
Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-августундагы
№01-12-1854 каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 21-августундагы кезексиз ХI сессиясынын №11 протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат :
1. Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-августундагы №01-12-1854 катынын негизинде Савай айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жана китепкананын күзөтчүсүнүн, пол жуугучтун эмгек маянасы 25 пайызга көбөйтүү жөнүндө сунушу колдоого алынсын.
2. Савай айыл өкмөтүнө Савай айыл өкмөтүнүн күзөтчү, пол жуугуч, маданият бөлүмүнүн китепканасынын күзөтчү жана пол жуугуч кызматкерлеринин эмгек маянасын мыйзам чегинде көтөрүү жана төлөп берүү боюнча иш алып баруу жагы сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана даректүү иштетүү жагы милдеттендирилсин.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |