Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 102
2014-жылдын 21-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган, 1998-жылдын 11-сентябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Маданий кызматташтыкты колдоо фондун түзүү жөнүндө уюштуруу келишиминин колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2014-жылдын 21-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган, 1998-жылдын 11-сентябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Маданий кызматташтыкты колдоо фондун түзүү жөнүндө уюштуруу келишиминин колдонулушун токтотуу тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |