Редакцияот 03.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү

3-кеңешмеси

 

2025-жылдын 3-февралы № 36

“Нур телеком”, “Мегаком”, “О” жана “Билайн” ишканалары менен жаңыртылып ижара келишим түзүү жөнүндө

 

Чоң-Алыш айыл аймагындагы жайыт жерине тиешелүү “Нур телеком”, “Мегаком”, ”О” ишканаларынын жана Ала-Бель ашуусунда “Билайн” ишканасынын базалык антенналарынын арендаларын 12000 сомго көтөрүү боюнча талкуулап чыгып, Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү 3-сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чон-Алыш айыл аймагындагы жайыт жерлеринде жайгашкан “Нур телеком”, “Мегаком”, “О” жана “Билайн” ишканаларына инфляцияга болуп жаткандыгына байланыштуу 12000 сомго аренда акылары көтөрүлсүн жана 2025-жылга кайрадан жаңыртылып ижара келишими түзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы "Чоң-Алыш” муниципалдык ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

Төрага

 

Т. Бейшеналиев