Редакцияот 03.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү

3-кеңешмеси

 

2025-жылдын 3-февралы № 37

 

Бектурган Өмүрзаков атындагы №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жөнүндө

Чоң-Алыш айыл аймагынын Манас айылында жайгашкан Б. Өмүрзаков атындагы № 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча карап талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү 3-сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Алыш айыл аймагынын Манас айылында жайгашкан Кутманалиев Сыйырбек көчөсү № 117 дарегинде жайгашкан Б. Өмүрзаков атындагы №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2. Тиешелүү токтом менен иш алып баруу жагы Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы А. Көчөрбаевке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

Төрага

 

Т. Бейшеналиев