Редакцияот 03.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү

3-кеңешмеси

 

2025-жылдын 3-февралы № 38

 

Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, Чоң-Алыш айыл аймагындагы имараттардын, курмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптардын жалпы жобосун бекитүү жөнүндө

 

Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, Чоң-Алыш айыл аймагындагы имараттардын, курмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптардын жалпы жобосун бекитүү жөнүндөгү шаар куруу жана архитектура департаментинин Талас районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын сунушу боюнча таанышып, талкуулап чыгып, Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү кеңешмеси;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, Чоң-Алыш айыл аймагындагы имараттардын, курмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптардын жалпы жобосу бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

 

Т. Бейшеналиев

 

 

БЕКИТИЛДИ

Чоң-Алыш жергиликтүү

кеңешинин 2025-жылдын

3-февралындагы №_38__

токтомуна тиркеме

Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, Чоң-Алыш айыл аймагындагы имараттардын. Курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптар

1. Жалпы жоболор

1. Чоң-Алыш айыл аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптар, маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери Чоң-Алыш айыл аймагындагы жер участкаларында, имараттарда, курулуштарда жана кыймылсыз мүлк объектилеринде маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана эксплуатациялоонун эрежелерин жана талаптарын, маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын демонтажынын тартибин ошондой эле Чоң-Алыш аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшүнө карата аткаруу үчүн милдеттүү жана бирдиктүү талаптарды белгилейт.

2. Ушул Эрежелер «Мамлекет аралык «ГОСТ 33027-2014» стандарт, мамлекет аралык стандарт, жалпы колдонуудагы автоунаа жолдору. Сырткы жарнама каражаттарын жайгаштыруу талаптарына», Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө», «Жарнама жөнүндө»,

«Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкуруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө» Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

3. Чоң-Алыш айыл аймагындагы имараттардын тышкы фасаддардын жасалгалоодо, аларга маалыматтык- жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууда жана эксплуатациялоодо менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар ушул Эрежелерди сактоого милдеттүү.

4. Чоң-Алыш айыл аймагындагы маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу паспорту бар имараттар менен курулуштарды эске албаганда Архитектура жана шаар куруу боюнча мамлекеттик органдын (мындан ары – Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы) регионалдык жана аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыктарына берилген Шаар куруу корутундуларына (мындан ары

- ШК) ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардагы тексттер, анын ичинде ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аталыштары алгач милдеттүү турдө мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде таризделет.

Жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган тексти мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.

Расмий тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмү чоңдугу боюнча мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмүнөн кичинерээк болушу керек жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш.

Жарнама тексттеринде белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), типографиялык басмаканада терилген муундук литерлер (логотиптер) түп нускадагы тилде берилиши мүмкүн.

Жарнаманын жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде кыргыз адабий тилинин ченемдери (орфоэпиялык жана орфографиялык эрежелер) так сакталууга тийиш.

6. Ушул Эрежелер жол кыймылын билдирүүчү белгилерге жана жол-көчө тармагындагы көрсөткүч белгилерге жайылтылбайт.

7. Имараттардын, курулуштардын ээлери жана аларды күтүү милдетин алышкан адамдар аларды эксплуатациялоонун техникалык талаптарын, ушул Эрежелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын сактоого милдеттүү.

8. Ушул Эрежелер тарыхый-маданий мурас объектиси болуп саналган жана эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине кирген имараттардын фасадына жайылтылбайт.

9. Турак жайлардын, курулмалардын ушул Эрежелердин талаптарына жооп бербеген фасаддары аларды реконструкциялоонун жана капиталдык оңдоонун алкагында талапка ылайык келтирилиши зарыл.

10. Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ушул Эрежелерде берилген талаптардын аткарылышына контролдук кылат:

- шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы.

11. Ушул Эрежелерди колдонулуучу түшүнүктөр: