Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы N 18 токтомуна)
Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү жана эсепке алуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагына эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү жана эсепке алуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүүгө тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү тартибин жана методун аныктайт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик оператор - Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жак болуп саналган "Кыргыз Агрохолдинг" ачык акционердик коому;
мурдагы берүүчү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган жана төмөнкүдөй критерийлерге ылайык келген юридикалык же жеке жак:
- мурунку мезгилде же тарифтик квота белгиленген жылдан түздөн-түз мурунку жылдын ичинде берүүчү өлкөлөрдөн "ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосунда жана "эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу" бажы режиминде ташып келүүнү ишке ашырат;
- тарифтик квота белгиленген жылдан түздөн-түз мурунку жылдын ичинде товарды ташып келүүнүн көлөмү коммерциялык пайдалуу сандан аз болбоого тийиш;
жаңы берүүчү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган, товардын мурдагы берүүчүсү болуп саналбаган юридикалык же жеке жак;
берүүчү өлкөлөр - Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) катышкан өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүлбөгөн же товарга карата эркин соода режиминен алып салуулар болгон өлкөлөр;
мурдагы берүүчү тарабынан товарды ташып келүүнүн көлөмү - берүүчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн, өткөн мезгилде "ички керектөө үчүн чыгарылган" бажы жол-жобосунда жана "эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган" бажы режиминде Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарлардын натуралай туюнтмадагы саны;
тарифтик квота - үчүнчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүүнү жөнгө салуу чарасы, анда белгилүү бир мезгилдин ичинде белгиленген сандын чегинде (натуралай же нарктык туюнтмада) жана мындай сандан ашык ташылып келген товарларга карата ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин (мындан ары - ББТ) ташып келүү бажы алымдарынын дифференцияланган ставкаларын колдонуу каралат;
тарифтик квотанын көлөмү - Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен белгиленген тарифтик квотанын алкагында ташып келүү үчүн бөлүнгөн эттин натуралай же нарктык туюнтмадагы саны;
товар - берүүчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн, аларга карата тарифтик квота белгиленген эттин айрым түрлөрү;
коммерциялык пайдалуу сан - салмагы 25 кг ашкан товардын көлөмү;
мурдагы мезгил - тарифтик квота белгиленген жылдан түздөн-түз мурунку үч жыл.
2-глава. Тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү тартиби
3. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жыл сайын тарифтик квоталар белгиленген жылдан түздөн-түз мурунку жылдын 10-ноябрына чейин интернет-ресурска аларга карата тарифтик квота белгиленип жаткан товардын аталышы жөнүндө, этти берүүчүлөр үчүн аныкталган тарифтик квотанын көлөмү жөнүндө маалыматты тарифтик квоталар боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүнү камсыздоо үчүн байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен жайгаштырат.
Мамлекеттик оператордун, мурдагы берүүчүлөрдүн жана жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0202 коду), чочконун этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0203 коду) жана канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0207 коду) ташып келүүгө тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү ушул Эрежелер менен аныкталган мамлекеттик оператордун, мурдагы берүүчүлөрдүн жана жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квоталарды бөлүштүрүү методдоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органга тышкы соода ишинин катышуучулары боюнча этти ташып келүүнүн натуралай жана нарктык көлөмдөрү, 0202, 0203, 0207 позицияларында классификациялануучу ЕАЭБ тышкы соода ишинин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) 10 белгисинин деңгээлинде бажы жол-жоболорун көрсөтүү менен чыккан өлкөлөр жөнүндө маалыматты берет:
Көрсөтүлгөн маалымат ички керектөө үчүн товар чыгарылган дата боюнча түзүлөт.
5. Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жыл сайын, тарифтик квота бекитилген жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин мамлекеттик оператордун, мурдагы берүүчүлөрдүн жана жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда жыл сайын белгиленген тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрөт:
1) мамлекеттик операторго:
- ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0202 коду) ташып келүүгө тарифтик квотанын белгиленген көлөмүнүн 50%ы;
- 50% - канаттуулардын эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0207 коду);
2) мурдагы берүүчүлөргө:
- ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0202 коду) ташып келүүгө тарифтик квотанын белгиленген көлөмүнүн 30%ы;
- 50% - чочконун эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0203 коду);
- 30% - канаттуулардын эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0207 коду);
3) жаңы берүүчүлөргө:
- ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0202 коду) ташып келүүгө тарифтик квотанын белгиленген көлөмдөрүнүн 20%ы;
- 50% - чочконун эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0203 коду);
- 20% - канаттуулардын эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0207 коду).
6. Тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын эксперттик корутундусун берүү үчүн негиз болуп саналат.
7. Этти берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча импорттоого квота бөлүп берүүгө өтүнмөнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Өтүнмөгө берүүчүнүн мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтер тиркелет:
- өтүнмө ээсинин расмий каты;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн же жеке ишкерди (жеке жакты) мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- милдеттүү түрдө орус тилине котормосу жана тиркеменин реквизиттеринин (келишимдин номери жана түзүлгөн датасы) болушу менен тышкы соода келишиминин көчүрмөсү;
- документтер өкүл аркылуу берилген учурда - ишеним кат, ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;
- ветеринардык кызмат мекемелеринин реестринен көчүрмө бөлүк (көчүрмө).
Берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн жыйынтыгы агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен түзүлгөн комиссиянын (мындан ары - комиссия) протоколу менен бекитилет.
Комиссия мамлекеттик оператордон тышкары, төмөнкү учурларда этти берүүчүлөр үчүн квоталарды берүүдөн баш тартууга, ошондой эле бөлүнгөн квотаны чакыртып алууга укуктуу:
- ишкана акыркы эки жылда, анын ичинде мурда берилген эт боюнча салык жана камсыздандыруу милдеттенмелерин аткаруудан качканда же салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын бар/жок экендиги жөнүндө маалымкаты жок болгондо;
- бир эле ошол уюштуруучусу болгон ишканалар квота алууга өтүнмө бергенде (квоталарды адилеттүү бөлүштүрүү максатында квота алууга бир эле ошол уюштуруучусу болгон бир гана ишкана катышууга укуктуу);
- ишкана алынган квотаны башка ишканага кайра сатканда, же болбосо алдамчылык операцияларын жүргүзгөндө (укук коргоо же башка мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча).
Мамлекеттик оператордон тышкары, этти берүүчүлөр квотаны алган учурдан тартып үч айдын ичинде алынган эттин көлөмүнүн 30%ын берүүнү жүзөгө ашырууга тийиш, берилбеген учурда тарифтик квота автоматтык түрдө жокко чыгарылат жана комиссиянын кабыл алынган чечимине ылайык андан ары кайра бөлүштүрүлүүгө тийиш.
Тарифтик квотанын бөлүштүрүлгөн көлөмү үчүнчү жактарга берилүүгө жана сатылууга тийиш эмес. Бул тартипти бузгандыгы үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын алдында түзүлгөн комиссия ушул Эрежелердин алкагында:
- тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүгө тышкы соода ишинин катышуучуларынын өтүнмөлөрүн жана аларга тиркелген документтерди карайт;
- мамлекеттик оператордун, мурдагы жана жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн жыйынтыгын протокол менен бекитет;
- ушул Эрежелерде каралган учурларда тарифтик квотаны берүүдөн баш тартуу, мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмдөрүн жокко чыгаруу жана чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- колдонулбаган жана жокко чыгарылган тарифтик квоталардын көлөмдөрүн кайра бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- тышкы соода иштин катышуучулары тарабынан бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмдөрүн пайдалануу шарттарынын сакталышын контролдойт.
Комиссия өз ишин ушул Эрежелерге жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилген комиссия жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырат.