Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2- чакырылышынын кезексиз
2025-жылдын 5-сентябры №11-1
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” № 194 Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндө
Улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо жана элдик каада-салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө жарандардын жашоо деңгэлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк жана эскертүү аземдерин тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын талаптарын аткарууга алуу максатында Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” № 194 Мыйзамынын талаптары аткарууга алынып айылдарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2.Той жана аземдердин убактысын чектөө төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт:
- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
3.Бул талаптарды бузуу “Тынчтык жөнүндө”мыйзамдын 9-беренесинде каралган “Тынчтык режимин бузуу” катары каралып, тиешелүү жоопкерчиликке тартылат.
4. Үй-бүлөлүк жана эскерүү аземдерин өткөрүүдө ашыкча чыгымдуулукту жана ысырапкерчиликти азайтуу максатында төмөнкү сунуштар кабыл алынсын;
-коноктордун санын мүмкүн болушунча кыскартуу;
-ашыкча салтанаттуу чыгымдарды (тамак-аштын ашыкча түрү, сыйлыктар ж.б) чектөө;
-тойлордогу техникаларды азайтуу;
- тойдон кийинки аземдерди чектөө;
-коомдук адеп-ахлакка ылайык жөнөкөй жана маданий форматта өткөрүү.
5. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы туулган күндөр токтотулсун.
6. Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына жана Дөбө-Коргон милиция бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |