Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2- чакырылышынын кезексиз
2025-жылдын 5-сентябры №11-2
Дөбө-Коргон айыл аймагынын Алмалык участкасында №313 контурдагы 12,11 га жерге кыш заводу курууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы И.Абдулхакимовдун Алмалык участкасындагы пайдаланылбай жаткан ынгайсыз жайыт жерлерине инвестор “Жчк Ош Тян-Шань” тарабынан кыш заводу курууга 12,11га жер ажыратып берүүнү сурап жазган сунушун, КыргызРеспубликасынын “Жер кодексинин” 11, 14-16, 20-беренелерине, Жер участокторун которуу (трансформациялоого) жөнүндө КыргызРеспубликасынын Мыйзамына, “КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинети” КыргызРеспубликасынын конституциялык мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык, депутаттар угуп жана талкуулап Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык участкасындагы жайыт катары колдонулуп келген, бирок учурда жайыт катары жараксыз деп табылган №313 контуруна 12,11 гектар жер аянтына инвестор “Жчк Ош Тян-Шань” тарабынан кыш завод курууга макулдук берилсин.
2.Алмалык участкасындагы №313 контуруна кыш заводу курууга ажыратылган жер тилкесине мыйзам чегинде тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |