Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз
2025-жылдын 5-сентябры №11-4
Интернационал айылында балдар бакча куруу үчүн жер тилкесин багытын өзгөртүү жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы И.Абдулхакимовдун Интернационал айылында бала бакча куруу максатында айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонддун 0,45га жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) сурап жазган сунушун, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетиндеги 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтому “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” жобого ылайык, депутаттар угуп жана талкуулап Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Интернационал айылында балдар бакча куруу үчүн №878 контурундагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонддун 0,45 га жер тилкесин багытын өзгөртүү (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Интернационал айылында балдар бакча куруу үчүн №878 контурундагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонддун 0,45 га жер тилкесин ажыратылган жер тилкесине мыйзам чегинде тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |