Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз
2025-жылдын 5-сентябры №11-5
Жаңы-Жол айылында чек араны кайтарып туруучу аскер бөлүгү (застава) куруу үчүн жер тилкесин багытын өзгөртүү жөнүндө ө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы И.Абдулхакимовдун Жаңы-Жол айылында чек араны кайтарып туруучу аскер бөлүгүнү (застава) куруу максатында айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондтон 1,0 га жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) сурап жазган сунушун, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетиндеги 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтому “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” жобого ылайык, депутаттар угуп жана талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Жол айылында чек араны кайтарып туруучу аскер бөлүк (застава) куруу үчүн №3,4 контурундагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондтон 1,0 га жер тилкесин багытын өзгөртүү (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Жаңы-Жол айылында чек араны кайтарып туруучу аскер бөлүгү (застава) куруу үчүн №3,4 контурундагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондтон 1,0 га жер тилкесин ажыратылып мыйзам чегинде тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |