Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз
2025-жылдын 5-сентябры №11-6
Дөбө-Коргон айыл аймагынын Тепе-Коргон айылынын Япчан участкасын Ынтымак аталышына өзгөртү жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы И.Абдулхакимовдун Тепе-Коргон айылынын “Япчан” участкасын “Ынтымак” аталышына өзгөртүп берүүнү сурап жазган сунушун, КыргызРеспубликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине жана “Административдик аймактык түзүлүш жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, депутаттар угуп жана талкуулап Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Тепе-Коргон айылындагы Япчан участогунун атын “Ынтымак ” деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Мыйзам чегинде тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы И.Абдулхакимовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |