Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын 11-сессиясы
2025-жылдын 5-сентябры №11-7
Дөбө-Коргон участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиялары өз аймактарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү максатында жарандардан жана саясий партиялардан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусуна ылайык шайлоо комиссиялары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Мыйзамын негизинде Дөбө-Коргон айыл аймагында аймактык шайлоо комиссиясына, комиссия курамынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорундагы тизмелерди бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиялары өз аймактарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү максатында жарандардан жана саясий партиялардан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусуна ылайык шайлоо комиссиялары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Дөбө-Коргон айыл аймагында аймактык шайлоо комиссиясына, комиссия курамынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдору бекитилсин.
2.Дөбө-Коргон айыл аймагында аймактык шайлоо комиссиясына, комиссия курамынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун бекитип берүү жагы Араван аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага: | А. Сатвалдиев |