Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
12-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры №12-1
Дөбө-Коргон айыл аймагында Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №270 Жарлыгына жана Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2024-жылдын 21-декабрындагы “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Дөбө-Коргон айыл аймагында IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоонууюштуруу жана өткөрүү максатында Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элдик Курултайдын катчылыгы бекиткен календардык планга ылайык, Дөбө-Коргон айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 17-октябрынан 24-октябрына чейин өткөрүлсүн.
2.Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2024-жылдын 21-декабрындагы “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Дөбө-Коргон айыл аймагында кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштурууну өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы жана жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары 1-тиркемеге ылайык,
- 2025-жылдын 17-октябрынан 24-октябрына чейин өткөрүлүүчү өкүлчүлүктүү жыйынга квота боюнча 150 катышуучунун санын айылдарга бөлүнүшү 2-тиркемеге ылайык;
- айылдарда коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги 3-тиркемеге ылайык.
-Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын же курултайын өткөрүү 2025-жылдын 1-ноябрында өткөрүлсүн.
3.Дөбө-Коргон айыл аймагында IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ жана жергиликтүү кеңештин жооптуу депутаттары айылдарда өтүүчү жыйындардын өз убагында сапаттуу өткөрүлүшүн камсыз кылышсын.
4.Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча айылдык кеңештин токтомдорун, коомдоштуктардын жана өкүлчүлүктүү жыйындардын протоколдорун мөөнөтүнөн кечиктирбестен Араван районунун мамлекеттик администрациясынын уюштуруу бөлүмүнө берүү жагы Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ш.Балтабаевага жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А. Сатвалдиев |