Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
12-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры №12-2
Дөбө-Коргон айыл аймагында Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Рич Моунтайн КГ плюс” жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусу боюнча Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кичик-Алай тоо кыркасында жайгашкан Кош Мойнок лицензиондук аянтында мрамор казуу иштери үчүн 2 га жер аянты ажыратып берүүнү сурап жазган суранычын, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 4,9,20,24-беренелерине ылайык депутаттар угуп жана талкуулап Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кичик-Алай тоо кыркасында жайгашкан Кош Мойнок лицензиондук аянтында мрамор казуу иштери үчүн 2 га жер аянты компания “Рич Моунтайн КГ плюс” жоопкерчилиги чектелген коомууна берүүгө макулдук берилсин.
2.Кичик-Алай тоо кыркасында жайгашкан Кош Мойнок лицензиондук аянтында мрамор казуу иштери үчүн жер тилкесине мыйзам чегинде тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысы У.Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |