Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
12-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры №12-3
Дөбө-Коргон айыл аймагынын Тепе-Коргон айылынын А.Муродов көчөсүнүн жашоочусу Т.Сайтахуновдун арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамынын 6-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык, А.Муродов көчөсүнүн жашоочусу Т.Сайтахуновдун жазган арызын депутаттар угуп, талкуулап чыгып, Дөбө-Коргон аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тепе-Коргон айылынын Япчан участкасындагы жаңы наамы жок көчөсүнө “Сайтахун Амин” деп наам берүүгө макулдук берилсин.
2.Документтерин даярдоо иштери айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |