Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
12-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры №12-6
Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-17-беренелерине ылайык, депутаттар угуп жана талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Дөбө-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүндө көрүстөндөрдү эсепке алуу жана натыйжалуу башкарууну системалаштыруу.
3.Санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо.
4. Бул токтомду аткарылышын айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |