Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
12-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры №12-7
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Чертик айылынын тургунун жеке ишкер Мамадалиев Данияр жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кадыровдун Чертик айылындагы пайдаланууга ыңгайсыз жайыт жерлерине жеке ишкер Мамадалиев Данияр тарабынан мал ферма куруу үчүн 0,50га жер тилкесин ижарага берүүнү сурап жазган сунушун, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна жана “Жер кодексинин” 20-беренесине ылайык, депутаттар угуп жана талкуулап Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке ишкер Мамадалиев Даниярга Чертик айылынан пайдаланууга ыңгайсыз жайыт жерлерине 0,50 га жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Чертик айылындагы мал ферма курууга ажыратылган жер тилкесине мыйзам чегинде тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы У.Кадыровго жана жер адиси А.Эргашовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |