Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
12-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры №12-8
Дөбө-Коргон айыл аймагындагы өнүүгү стратегиялык планынын негизинде мал-жандыктардын өлүктөрүн өрттөөчү аппарат сатып алуу жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кадыровдун өнүгүү стратегиялык планынын негизинде мал-жандыктардын өлүктөрүн өрттөөчү аппарат сатып алууну сурап жазган сунушун, депутаттар угуп жана талкуулап Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагына “Мал жаныбарлардын өлүктөрүн өрттөөчү жабдык (крематорий) сатып алуу, орнотуу жана айланасын тосууга”, макулдук берилсин.
2.“Мал жаныбарлардын өлүктөрүн өрттөөчү жабдык (крематорий) сатып алуу, орнотуу жана айланасын тосууну” сметалык жана долбоордук иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөттүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы У.Кадыровго жана вет.адис Т.Исмоиловго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |