Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
13-сессиясы
2025-жылдын 17-октябры №13-2
Араван районун Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөбө-Коргон айылдык өкмөтү тарабынан даярдалып, айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2025–жылга индикативдик божомолуна кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, Дөбө-Коргон айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынып, атайын комиссияда талкууланып, айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан айылдык кеңешинин 2025–жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн каражаттарынын өзгөрүүлөрүнө № 1 тиркеме боюнча өзгөртүү киргизилсин (№1 тиркеме тиркелет).
2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн каражаттарынын өзгөрүүлөрүнө № 2 тиркеме боюнча өзгөртүү киргизилсин (№2 тиркеме тиркелет).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловко жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |