Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги
13-сессиясы
2025-жылдын 17-октябры №13-3
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Лангар айылынын О.Масабуров көчөсүнүн 1050 метр аралыктагы жолду капиталдык оңдоп түздөөдөн өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги ар түрдүү маселелерде каралган Дөбө-Корон айыл өкмөтүнүн Лангар айылындагы О.Масабуров көчөсүнүн 1050 метр аралыкта капиталдык оңдоп түздөөдөн өткөрүү боюнча маселе айылдык кеңештин депутаттары тарабынан талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Лангар айылынын О.Масабуров көчөсүнүн 1050 метр аралыкта капиталдык оңдоп түздөө үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча комиссиясынан суралсын.
2. Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Лангар айылынын О.Масабуров көчөсүнүн капиталдык оңдоп түздөөгө Түрткү берүүчү грантынын алкагында айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2774700 (эки миллион жети жүз жетимиш төрт миң жети жүз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн салымы катары макулдук берилсин.
3.Жогорудагы долбоорду ишке ашырууга мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милденттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |