Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз
13-сессиясы
2025-жылдын 17-октябры №13-4
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кесов айылынын М.Курбанов көчөсүнүн 1074 метр аралыктагы жолду капиталдык оңдоп түздөөдөн өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги ар түрдүү маселелерде каралган Дөбө-Корон айыл өкмөтүнүн Кесов айылындагы М.Курбанов көчөсүнүн 1074 метр аралыкта капиталдык оңдоп түздөөдөн өткөрүү боюнча маселе айылдык кеңештин депутаттары тарабынан талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кесов айылынын М.Курбанов көчөсүнүн 1074 метр аралыкта капиталдык оңдоп түздөө үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча комиссиясынан суралсын.
2. Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кесов айылынын М.Курбанов көчөсүнүн капиталдык оңдоп түздөөгө Түрткү берүүчү грантынын алкагында айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2527700 (эки миллион беш жүз жыйырма жети миң жети жүз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн салымы катары макулдук берилсин.
3.Жогорудагы долбоорду ишке ашырууга мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милденттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |