Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз
13-сессиясы
2025-жылдын 17-октябры №13-9
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Тепе-Коргон айылынын М.Хакимов көчөсүнүн 170 метр аралыктагы жолду капиталдык оңдоп түздөөдөн өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги ар түрдүү маселелерде каралган Дөбө-Корон айыл өкмөтүнүн Тепе-Коргон айылындагы М.Хакимовкөчөсүнүн 170 метр аралыкта капиталдык оңдоп түздөөдөн өткөрүү боюнча маселе айылдык кеңештин депутаттары тарабынан талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Тепе-Коргон айылындагы М.Хакимов көчөсүнүн 170 метр аралыкта капиталдык оңдоп түздөө үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча комиссиясынан суралсын.
2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Тепе-Коргон айылындагы М.Хакимов көчөсүнүн капиталдык оңдоп түздөөгө Түрткү берүүчү грантынын алкагында айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 915 640 (тогуз жүз он беш миң алты жүз кырк) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн салымы катары макулдук берилсин.
3.Жогорудагы долбоорду ишке ашырууга мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милденттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |