Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөбө-Коргон айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз
13-сессиясы
2025-жылдын 17-октябры №13-10
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылындагы Маданият үйүнүн капиталдык оңдоп түздөөдөн өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги ар түрдүү маселелерде каралган Дөбө-Корон айыл өкмөтүнүн Кайрагач-Арык айылындагы Маданият үйүнүн капиталдык оңдоп түздөөдөн өткөрүү боюнча маселе айылдык кеңештин депутаттары тарабынан талкуулап, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылындагы Маданият үйүнүн капиталдык оңдоп түздөө үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча комиссиясынан суралсын.
2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылындагы Маданият үйүнүн капиталдык оңдоп түздөөгө Түрткү берүүчү грантынын алкагында айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн салымы катары макулдук берилсин.
3.Жогорудагы долбоорду ишке ашырууга мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милденттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |